Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 209
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ж. Өскөнбаевдин сунушун жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн аймагындагы карышкырларды атып келген мергенчилерге кызыктыруучу сыйлык катары жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп 3000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.кyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |