Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 28 / 2
Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндөгү”, 2015-жылдын 31-декабрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде түзулүп, бюджет экономика комитеттеринде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнун башчысы – башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджети кирешелер боюнча 17995,2 миң сом чыгашалары боюнча 17995,2 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнун 2016-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 14790,6 миң сом өлчөмүндө № 1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгашалар бөлүгү 14790,6 миң сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнун 2016-жылга атайын каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалары 480,0 миң сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдар үчүн негизги парпметрлеринин болжолу 2017-жыл кирешелери жана чыгашалары 16891,8 миң сом өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык
2018-жылга кирешелери жана чыгашалары 17091,6 сом өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык жактырылсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
7. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар,штат бирдиктери,нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлушү мүмкүн.
8. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
9. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети 1-январь 2016-жылдан баштап ишке киргизилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имаров |