Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 28/ 4
Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаттарынын жана айыл башчыларынан түшкөн сунуштарын айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өтүкчү айылынын мектебине көмүр кана курууга 25 миң, ФАП тын айланасын тосуу 20 миң, ашкананын полу учун 25 миң сом каралсын.
Кызыл-Коргон айылындагы стадионду курууга 50 миң сом ажыратылсын.
2. Миң-Чынар-2 айылына трансформатор коюуга 100 миң ажыратылсын.
3. Айыл өкмөтүнун мамлекеттик фондунун 6,50га, элдерге үлүш катары берилген 6,0 га болуп, жалпы 12,5 га көп жылдык бак -дарактардын эскилиги жетип шире курт тушуп экономикалык жактан эч кандай пайда бербей жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтунүн инфраструктурасын көтөрүү максатында үлүш катары берилген жерлердеги жана мамлекеттик фондундагы көп жылдык бак- дарактардын 7,5 га жер аянты айдоо сугат категориясына которулсун, калган 5,0 га көп жылдык бак- дарактардын ордуна жаңыдан көчөттөрдү эгүү КР нын Өкмөтүнө караштуу айлана -чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Баткен аймактык башкармасынын уруксаты менен эгилсин.
4. Айыл өкмөтүнун аймагындагы БМКнын каналдын асты үстүндөгү жана мурда Өзбекистан Республикасынын Фергана НГДУнун ээлеп турган жерлердин айланасындагы жерлерди убактылуу мөөнөткө торуктун негизинде мыйзамдаштырылып, ижарага берилсин.
5. Миң-Чынар айылындагы “Балапан” балдар бакчасын спорт аянтчасын куруу 100 миң, Миң-Чынар айылндагы УАМ согушунун катышуучуларын эскерүү паркын айланасын тосуу үчүн 200 миң сом, Жаңы-Жер айылынан Жаш-Тилек айылына чейинки талаа жолдорун оңдоп тузөө иштерине 120 миң сом ажыратылсын.
6. А. Төралиев мектебине кошумча каана жана көмүр каана куруу үчүн 300 миң сом ажыратылсын.
7. Жаш-Тилек айылына стадионду сүрүү учун 50 миң сом ажыратылсын.
8. Өрук-Зар айылындагы стадионго отургуч орнотууга 50 миң сом ажыратылсын.
9. Жаны-Жер филиалы № 6 китепкасында өткөрүлө турган Тарых жана маданият жылына карата китепкананын китептерин толуктоо жана райондук денгээлде өткөрүлүүчу семиңарга 50 миң сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.
10. Ж. Садиров атындагы аймактык тескөөчүлөргө 1 даана компьютер сатып алынып, берилсин.
11. КР нын Салык кодексинин 337 жана 339 статяларынын негизинде жер салыгынын коэффицентинин жана базалык ставкасы 1 эсеге көтөрүлсүн.
12. Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүнө аппаратура үчүн 100 миң сом ажыратылсын.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана айыл чарба тейлөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |