Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 1
“Кашка-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Калетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кашка-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин.
2. Ардактуу атуул наамын алган инсанга күбөлөндүрүүчү (күбөлүк, төш белги, лента) нерселер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду КРнын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик РЭЭСтрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Давлетов |
ЖОБО
I. Жалпы жоборлор
1.1. Ушул «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары жобо) «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын (мындан ары наам) берүүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Бул жобонун күчү Кашка-Суу айыл аймагынын аймагына жайылтылат.
1.3. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу төмөнкү жол-жоболордун тутумун камтыйт:
- наамды ыйгаруунун шарттары;
- талапкерлерге коюлуучу талаптар;
- талапкерлерди сунуштоо тартиби;
- «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамынын ээсине берилүүчү өзгөчө укуктар.
II. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун шарттары
2.1. Жылына бир жолу жалпы айыл аймактык элдик курултайынын сунушу же айрым учурда айыл аймактагы ар бир айылдарда жашаган жергиликтүү элдик жамааттардын, аймактагы мекеме-ишканалардын жамаатынын чогулуштарынын сунушу менен жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы мекеме-ишканалардын жамаатынын чогулушунун сунуштары менен, Кашка-Суу айылдык Кеңешинин сессиясынын чечиминин негизинде берилет.
2.2. Наамга сунуштоо демилгечилер тобу тарабынан жүргүзүлөт жана Кашка-Суу айыл аймагындагы жергиликтүү башкаруунун жамааттарынын же элдик курултайдын делегаттарынын колдоосуна ылайык наам ыйгаруу каралат.
III. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлгөндөргө коюлуучу талаптар
3.1. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы Кашка-Суу айыл аймагында 15 жылдан кем эмес жашап жана иштеген, айыл үчүн өзгөчө эмгек синирген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүчөсү алышы мүмкүн.
- Кашка-Суу айыл аймагынын экономикалык-маданий жана коомдук-социалдык турмушуна өзгөчө салымы тиешелүү материалдар менен тастыкталат.
3.2. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы бир гана айылдын эмес, бүтүндөй айыл аймактын экономикалык-маданий жана коомдук-социалдык турмушуна өзгөчө салым кошкон (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүчөсүнө) атуулга ыйгарылат:
- эки жолудан кем эмес айылдык, шаардык, райондук Кеңештин депутаттыгына шайланган;
- өзүнүн иштеген милдеттерин жана эл тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууда жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасаган;
- өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо өзгөчө натыйжаларга жетишкен;
- калктын саламаттыгын сактоо тармагында өзгөчө натыйжаларды камсыз кылган;
- коомдук тартипти чыңдоодо өзүнүн жеке катышуусу менен өзгөчө салымын кошкон;
- Аймактын коомдук-маданий жана элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө жеке өзүнүн салымын кошкон;
- Айыл аймагынын чарбалык-экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө салымын кошкон;
- Жогоруда саналган көрсөткүчтөр менен катар жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын талаптарын так аткарууда коомдук пайдалуу эмгекте активдүү катышууда жана кайрымдуулук иштеринде өзүн көрсөткөн, жеке жана үй-бүлөдө, үйдү жана чарбачылыкты өзүнүн үлгү болорлук жүрүш-турушу менен таанылган, коомго зарыл болгон өзгөчө тейлөөдө кызматтарын көрсөткөн;
- сот жообуна тартылбаган атуулдар.
3.3. Айылдык Кеңештин чечими менен «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы жашына жана стажына карабастан эмгектеги коомдук турмуштагы каармандык иштери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдоштук мүчөлөрүнө, ошондой эле райондун экономикасын, маданиятын, социалдык турмушун өнүктүрүүдө жана жаштарды тарбиялоодо өзгөчө эмгек сиңирип, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп татыктуу эс алууга чыккан ардагерлерге жана пенсионерлерге берилиши мүмкүн.
3.4. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы айыл аймагында төрөлгөн же Кыргызстандын атуулу болгон, бирок жүйөлүү себептер менен аймагынан сырткары жерде жашап жана иштеп жүрсө дагы айылдын экономикалык-социалдык, маданий жактан өнүгүшүнө өзүнүн жеке өзгөчө жана көрүнүктүү салымын кошкон инсандарга берүүгө болот.
IV. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына сунуштоонун тартиби жөнүндө
4.1. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгаруу жөнүндөгү маселе айрым атуулдардын же айыл башчылардын жеке демилгеси менен, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын 10-болугунун 2 жана 3 пункттарынын негизинде, ар бир элдик конуштардын жалпы жыйынында айылдардын 18 жаштан жогорку жашоочуларынын өкүлдөрү катышкан чогулуштарда ага катышкан атуулдардын үчтөн экисинен кем эмесинен ачык добуш берүүсү аркылуу жана айылдын курултайында чечим кабыл алуу менен айылдык Кеңештерге сунушталат.
4.2. Кашка-Суу айыл аймагынын ар бир айылдарында өткөрүлүүчү жыйындарга Кашка-Суу айылдык Кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясынын депутаттарынын катышуусу шарт.
4.3. Жалпы чогулуштун чечими айылдык Кеңеште каралып, тиешелүү чечим айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынан өткөндөн кийин материалдар айылдык Кеңештин сессиясында токтом кабыл алгандан кийин күчүнө кирет.
4.4. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» деген наамга татыктуу болгон инсанга «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» деген жазуусу бар лента жана кубөлүк айылдык Кеңештин сессиясында тапшырылат.
V. «Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу» инсандардын өзгөчө укуктары
5.1. Айыл аймакта өткөрүлгөн чогулуштардын ардактуу президиумуна шайланат.
5.2. Айыл аймагында тендерден өткөн маршруттук автобустарда акысыз жүрөт.
5.3. Медициналык жана башка тейлөөдөн кезексиз укугунан пайдаланылат.
5.4. Кышка карата жыгач отунду пайдалануу акысынан 50% женилдик ыйгарылат.
5.5. Айыл аймагынын кайсыл жеринде болбосун (коомдук жайларда, аш тойлордо) айыл тургундары тарабынан урмат-сыйга ээ болот.