Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 4
Маманазаров айылынын айыл башчысы М. Усмановдун жылдык отчету жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча Маманазаров айылынын айыл башчысы М. Усмановдун билдирγγсγн угуп, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Маманазаров айылынын айыл башчысы М.Усмановдун жылдык отчету кѳңγлгѳ алынсын.
2. Маманазаров айылында бир топ иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Мындар ары Маманазаров айылынын социалдык экономикалык ѳнγгγγсγнѳ кѳзѳмѳл болуу айыл башчысы М. Усмановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Нурматов |
Урматтуу депутаттар жана чогулуш катышуучулары.
2015 жылда Маманазаров айылында Кыргыз Республикасында Улуттук Эканомиканы чындоо жылы деп жарыялоо жѳнγндѳ.
Ош облусунда “ Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы ”.
Районубуздо Араван районунун түзүлгөндүгүнө 80 жылдыгынын белгилөө жылы болгондугуна байланыштуу көп иштер аткарылды.
Маманазаров айылы боюнча 2015-жылдын 1-январына карата 889-кожолук, калктын саны 4495 болуп алардан 2227-эркектерден, 2198-аялдардан түзөт.
Айылыбызда социалистик эмгектин баатыры Т.Кочубаев атындагы 1 орто мектеп Орозова атындагы 1 толук эмес орто мектеп, 1- китепкана, 4 – балдар бакчалары 2 – таза суу ассосациясы бар.
Айылда 4-тегирмен, 2 – ак-жуваз, 12- дүкөн иштеп турат.
1 Yрѳнчγлγк чарбасы болуп негизинен пахта жана буудай γрѳнγн жеткирип берет.
Торт - айыл мурдаттан өзүнүн эмгекчил калкы уста дыйкандары менен таанылып келген.
Айылыбызда азырда жашап жаткан акын жазуучу республика жазуучулар союзунун мγчѳсγ Усман Темур, 1 ата мекендин согушунун ардагери 11 авган согушунун ардагери бар.
Ошондой эле Ленин орденинин кавалерлери, өкмөттүн жогору орден медалдары менен сыйланган дыйкандар, чарба устаттары,Кыргыз Республикасында эмгек сиңирген мугалим атына ээ болгон 2 (эки) сыяктуу устаттарыбыз персоналдык ардагерлер жашап келген, жашап жатат.
Ошондой эле 18 баатыр энелер, 424 пенсия жашындагы карыяларыбыз 463 га жерге дыйканчылык кылып андан 21 га жерге буудай 121 га жерге пахта, 123 га жерге дандык жугору, 113 га жерге картошка 69 га жерге жашылча калган жерлер беде, дарбыз жана башка эгиндер эгип жакшы түшүм алынды.
Элибизде 1619 баш кара мүйүздүү мал, 7389 баш кой-эчкилер 33 баш жылкылар, 5355 баш үй канаттулар бардыгы аныкталды.
Ѳткѳн 2015-жылда айыл депутаттары аялдар кеңешинин төрайымдары маала комитеттерин төрагалары алардын мүчөлөрү, жаштар комитеттери, активисттер чогуу иштеп жогорку органдардын чечимдерин, бγйруктарын, көрсөтмөлөрүн аткара барып мектеп, балдар бакчаларын, жакыр үй бγлѳлѳрдγ кыш мезгилине даярдыгын кѳзѳмѳлгѳ алып алардын ичинен жакыр үй бγлѳлѳргѳ айыл ѳкмѳтγ тарабынан 6 адамга 4800 сомдук материалдык жардам берилди.
9-май жеңиш кγнγнѳ жаштар ортосунда спорттук мелдештер өткөрүлүп айыл ѳкмѳтγ тарабынан 10 (он миң) сом акча сыйлыгы берилди.
1-октябрь эл аралык ардагерлер кγнγнѳ байланыштуу 15 ардагерге 9780 сомдук, 3-декабрь майыптар кγнγнѳ 15-адамга 9000 (тогуз миң) сомдук жардам берилди.
Элдик када салттарды, ырым жырымдарды, үрп адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча иш чаралар түзүлүп бир топ иштер аткарылды.
Жаштар ортосунда ырайымсыз мамилелердин жана “Зордук зомбулуктун” алдын алуу боюнча мектептерде жана эл арсында түшүндүрүүлөр өткөрүлдү. Ырайымсыз мамилелердин жана “Зордук-зомбулуктун” алдын алуу боюнча айыл ѳкмѳтγндө иш чаралар түзүлүп, жер-жерлеринде чогулуштар өткөрүлүп, түзүлгөн соц.комиссияда каралып талкууга коюлуп келүүдө.
Айылда ишембиликтер өткөрүлүп 7,5 км ички каналдар чабып тазаланды, 22 тонна таштандылар чыгарылды, дамбалар бетондолуп ремонттолду, айыл аралык туура жолдор гредер менен тегизделди, кебир жерлерине шагал жаткырылып тегизделди. Жолдорго жарыткычтар орнотулду аларга айыл ѳкмѳтγ тарабынан 95000 ( токсон беш миң) сом акча сарпталды.
Андан сырткары, Жаркыштак, Бай-Тобу мазар жолун ремонттоп бетон кылуу γчγн элдин демилгеси менен 32 миң 400 сомдук, өкмөт башчысынын өзүн демилгеси менен айыл ѳкмѳтγнун казнасына тиешесиз. Араван цемент заводу менен келишип 37000 ( отуз жети миң) сомдук цемент алып келди.
Фергана каналынан Пахтачы айылынын эн чеке дыйкан чарба жери эсептелген 55 га жерин сугат суу менен камсыз кылуу үчүн элдин демилгеси менен 44950 ( кырк төрт миң тогуз жүз элүү) сом акча топтолду, айыл ѳкмѳтγ тарабынан 50 (элүү миң) сом акча сарпталды, 500 (беш жүз) метр труба жаткызылып сваркаланды. Демөөрчүлөр тарабынана Маманазаров айылына караштуу үч айылга бирден 3 (γч) трансформатор ишке тγшγрγлдγ.
Кыргыз Республикалынын Жогорку Кеңеш депутаты К.С. Нурматовдун жардамы менен бир мечит азырда курулуп жатат.СООППВ “Севинч” таза суу атестациясында “Алянс” орто азия таза суу мекемеси менен 73 миң сомдук иш аткарылды. Бирок аткарылбай калган иштер кѳп. 2016 жылда эл менен айыл активистери менен чогу иштеп аткарылбай калган иштерди жγзѳгѳ ашыруубуз зарыл.