Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 5
Чек-Абад айыл өкмөтγндөгγ Аксакалдар сотунун төрагасы М. Усмановдун жылдык отчету жөнγндө
Кγн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айыл өкмөтγндөгγ Аксакалдар сотунун төрагасы М. Усмановдун билдирγγсγн угуп, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтγндөгγ Аксакалдар сотунун төрагасы М.Усмановдун отчету көңγлгө алынсын.
2. Аксакалдар соту тарабынан бир топ иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Мындар ары айыл өкмөтγндөгγ Аксакалдар соту тарабынан чечилγγчγ маселелерди туура жана так чечилиши М. Усмановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Нурматов |
Чек-Абад айыл өкмөтγндөгγ Аксакалдар сотунун 2015-жылда аткарган иштери тууралуу отчету.
2015-жылдын 12 айында Чек-Абад айыл ѳкмѳтγнγн Коомдук алдын алуу борборуна катталган 137 жарандык арыз болду, алар:
1. Үй бүлөлүк чыр-чатак – 10
2. Мал чарба боюнча – 12
3. Уй алды-сатты – 4
4. Карындаштар боюнча – 11
5. Таныштар арасында – 13
6. Иш жүзүндө 16
7. Там жай – 24
8. Жол ремонту – 19
9. Үлүш жер боюнча – 12
10. Таза суу боюнча – 16
Алардын бардыгы аксакалдар сотунун чогулушунда карап чыгып толук аткарылды. Тийиштγγ чаралар кѳрγлдγ, ошондой эле айылдарда улуттар аралык биримдикти чыңдоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, чегара аймактарында милиция тескѳѳчγлѳрγ менен бирге тγнкγ нѳѳмѳтчγлγктѳр жана башка иш-чаралар жγргγзγлгѳн.
Аялдар кеңештеринин төрайымдары жана жаштар комитетинин төрагалары менен биргеликте айыл аймакта жаштарды жана аялдарды ар түрдүү диний агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу, каада-салттарды иретке келтирγγ, кылмыштуулук болбосу γчγн, γй бγлѳлγк чыр-чатактар жана башка маселелер боюнча атайын иш-чараларды жγргγзγγдѳ.
Ал эми Чек-Абад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин демилгеси менен 2015-жылы «Коомдук алдын алуу борбору» «Эл аралык толеранттуулук учун коомдук фонду» жергиликтγγ айыл ѳкмѳтγнγн ѳнѳктѳштγгγндѳ, АКШ элчилигинин бангизат каражаттарын эл аралык жγгγртγγгѳ каршы кγрѳшγγ жана укук коргоо иш аракеттери боюнча кеңсесинин каржылык кѳлѳмγ астында имарат курулуп жабдыкталды. Коомдук алдын алуу борборунун имаратын жаңылого долбоордун негизинде тѳмѳндѳгγдѳй каражаттар сарпталды. Имаратты ремонттоого 441478 сом, жабдууга, эмеректер алып берγγгѳ 260 800 сом, анын 43 000 сому жергиликтγγ бюджеттен болсо, жалпы сарпталган сумма 702278 сомду тγзгѳн.