Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 9
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижара өлчөмдөрүн жана ижара мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Д. Давидовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жерлеринин ижара өлчөмдөрү жана ижара мөөнөттөрү төмөндөгүчө белгиленсин:
Пахтачы(Чузак) айылынын № 428-контурундагы АЧЖМ фондунун 3,56 га кайрак жеринин ижара өлчөмү гектарына 2000 ( эки миң )сом, ижара мөөнөтү 3 (үч) жыл, Жар -кыштак айылынын № 33-контурундагы АЧЖМ фондунун 1,0 га сулуу жеринин ижара өлчөмү гектарына 9000(тогуз) миң сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл кылып белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча бекитилген комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Б. нурматов |