Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-апрели № 84/27-6
“Жазы -Кечүү аймактык башкармалыктын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин кайрылуусу жөнүндө”
“Кыргызгипрозем” жер изилдөө институтунун корутундусу менен таанышып, Жазы -Кечүү аймактык башкармалыктын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б.Кыдыралиевдин кайрылуусун,Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя 1, Ак –Кыя 2, Ак –Шар, Төш –Мазар, Чоң-Таш, Кайыңды, Жээн-Кыштоо көчөлөрүнүн жана Жазы-Кечүү, Көк-Бел, Оот айылдарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелерин чечүү жана Жазы-Кечүү, Көк-Бел айылдарынын жанында жайгашкан мамлекеттик запаста турган Ыспы, Как, Кайыңды, Кара-Көл, Кормал жайыт жерлерин Жазы -Кечүү аймактык башкармалыктын жайыт пайдалануучулар бирикмесининкарамагына өткөрүп алуу максатында депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызгипрозем” жер изилдөө институтунун корутундусу жанаЖазы -Кечүү аймактык башкармалыктын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Мамлекеттик запаста турган, азыркы убакта Токтогул районунун Үч-Терек жайыт бирикмеси мыйзамсыз пайдаланып келе жаткан (субарендага алып) 64,0га жайыт жерлерин Жазы -Кечүү аймактык башкармалыктын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жагы областтык жайыт департаментинен суралсын, алар тараптан аткарылбаса, республикалык жайыт департаментинен, болбосо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( М.Д.Койчиев), Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына ( Ж.О.Көкүмбаева), Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Төрага | М.К. Женбеков |