Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-майы № 85/28-6
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-ж № 79/21-6 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдагы № 79/21-6 сандуу “Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасын таза суу менен камсыз кылуучу жер астында жаткан темир түтүкчөлөрдү пластик түтүкчөлөргө алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө” кабыл алынган токтому мыйзам талаптарына каршы келгендиктен, Кара-Көл шаарынын прокурору К.Жунушалиевдин 29.03.2016-жылдагы №11/1-3-55-16 Каршылык билдирүүсүн, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык Кеңешинин кезексиз XХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын прокурору К.Жунушалиевдин каршылык билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдагы № 79/21-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдагы № 79/21-6 сандуу токтомунун негизинде чыгарылган,Кара-Көл шаарынын мэриясынын 19.10.2015-жылдагы № 454-б сандуу буйругу жана ШММБгы менен “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧК нын ортосундагы 20.10.2015-жыл №90 сандуу келишимин жокко чыгаруу боюнча иш-чараларын жүргүзүү, Кара-Көл шаарынын мэри (М.Д.Койчиев), шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (К.С.Сарбалаев) милдеттендирилсин.
4. Бул маселени кайрадан шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Ж.Орунова) жүктөлсүн.
6. Бул токтомду Кара-Көл шаардык “Кара-Көл нуру” газетасына жарыялоо жана ченемдик укуктук актыларды каттоо реестринен чыгартуу шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
төрага |
М.К. Женбеков |