Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-майы № 86/29-6
“Т.Т. Молдомуровго” Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкош зор салымы үчүн шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдомуров Толкунбек Темиркуловичке “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Шаардык мэрия менен шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө салтанаттуу Т.Т. Молдомуровго “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилгендиги боюнча күбөлүк, грамота жана төш белги берүүнү камсыз кылсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.К. Женбеков |