Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-марты № 22-2
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлγнγшγ тарабынан 01.01.2014-жылдан 31.12.2015-жылга чейинки айыл өкмөтγнγн бюджетин тγзγлγшγ жана аткарылышын текшерγγсγнγн жыйынтыгы боюнча берилген 17.03.2016-жылдагы № 01-12/155 сандуу сунушту кароо жөнγндө
Кγн тартибине коюлган маселени карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин негизине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ өз алдынча башкаруу жөнγндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнγндө” мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн Финансы-Экономика бөлγмγнγн башчысы Р. Базарбаевге «Сөгγш» жарыялансын.
2. Айыл Өкмөтγ кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын, мыйзамдарын талаптарын иш жγзγндө так аткарууну колго алуу максатында ай сайын, аппараттык кеңешмелерде семинардык окуулар уюштурулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлγнγшγ тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жана сунушта көрсөтγлгөн кемчиликтерди жоюу, аткарылган иш чаралар боюнча айыл өкмөтγ тарабынан билдирγγ берγγ жагы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо С. Юсупова айыл өкмөтγнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктөлсγн.
Төрага | Б. Маннанов |