Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-марты № 22-4
С. Юсупова айыл өкмөтγндө турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу γчγн жер ажыратуу жөнγндө
С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн Октябрь айылынын Сырт участкасындагы жайыт жерге таандык болгон 2,7 га жерге турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу γчγн трансформация кылуу маселесин карап, топтолгон юридикалык документтери γйрөнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер участокторун которуунун (трансформациялоо) тартиби жөнγндө жобону бекитγγ тууралуу” № 169-токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн Октябрь айылынын Сырт участкасындагы жайыт жерге таандык болгон №1035-контурдагы жердин, 2,7 га жер аянты турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу γчγн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтγнө Сырт участкасындагы 2,7 га жерге турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу γчγн трансформациялоого зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтγнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |