Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-марты № 22-6
Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Марифтин айыл өкмөтγнөн ижарага алган жерин тамчылап сугаруу γчγн суу насосун орнотуу γчγн жер ажыратып берγγ жөнγндө жазган арызын кароо жөнγндө
Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Марифтин айыл өкмөтγнөн ижарага алган жерин тамчылап сугаруу γчγн Октябрь айылындагы № 700-контур жана Мархамат сай каналынын ортосундагы ар тγрдγγ жерлер багытындагы жерден (мурдагы колхоз мезгилинде суу насосу орнотулган) сугат суу насосу орнотууга жер ажыратуу жөнγндө жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн Октябрь айылындагы №700-контур жана Мархамат сай каналынын ортосундагы ар тγрдγγ жерлер багытындагы жерден (мурдагы колхоз мезгилинде суу насосу орнотулган) сугат суу насосу орнотуп, мөөнөттγγ пайдалануу γчγн Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Марипке ижарага жер ажырытып берγγгө макулдук берилсин.
2. Сугат суу насосу орнотуп мөөнөттγγ пайдалануу γчγн ижарага жер берγγмаселеси С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча тγзγлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда пайдаланууга берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл ѳкмөтγнө жγктөлсγн.
Төрага | Б. Маннанов |