Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-марты № 1
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылда аткарылган жумуштарынын отчету жана жайыт комитетинин карамагындагы токойлорго материалдык жактан келтирилген зыяндар γчγн айып суммаларын бекитγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылда аткарылган жумуштарынын отчетун жана жайыт комитетинин карамагындагы токойлорго материалдык жактан келтирилген зыяндар γчγн айып суммаларын карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылда жайыттардан пайдалануу боюнча аткарып жаткан жумуштары канааттандыралык деп эсептелсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата бюджета 380250 сомга бекитилсин. (бюджет тиркелет)
3. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин карамагындагы токойлорго материалдык жактан келтирилген зыяндар γчγн айып суммалар тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)
4. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыттардан пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Жайыт жѳнγндѳгγ мыйзамында кѳрсѳтγлгѳн талаптар боюнча иш жγргγзγγ жагы Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесине тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |