Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-марты № 2
Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы 655.37 чарчы метр жер аянтын автоуналарды ондоочу бекет куруу үчүн аукциондо сатууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы 655.37 чарчы метр жер аянтын автоуналарды ондоочу бекет куруу үчүн аукциондо сатууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап айыл тургундарынын автуналарын ремонтоо иштери үчүн шарт түзүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы 655.37 чарчы метр жер аянтын автоуналарды ондоочу бекет куруу үчүн аукциондо сатууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде макулдук берилсин.
2. Автоуналарды өндөөчү бекет куруу үчүн сатылуучу жер аянтын аукцион жол менен сатуу боюнча иш кагаздарын даярдоо иштери Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |