Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 1
Өнүктүрүү саясат институту тарабынан бере турган 400 000 (төрт жүз миң) сомду алуу үчүн “Артыкчылыктуу долбоорду” аныктоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын 20.01.2015-жылдагы жарандардын жалпы чогулушунда артыкчылыктуу долбоор катары тандалып алынган “Таза суу скважиналарына насосторду сатып алуу” долбоору артыкчылыктуу долбоор болуп бекитилсин жана аталган долбоорду ишке ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттен 40000 (кырк миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештинсоциалдык маселелербоюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |