Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 2
Кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерине ижара акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 22- июнундагы № 235-токтому менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобого ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жна талкуулап айылдык кеңештин XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерине 2015-2016 жылдарга 1 га жер участкасына ижара акынын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин :
-Кайракы жерлерге 500 сомдон 1200 сомго чейин;
-Сугат жерлерге 800 сомдон 3200 сомго чейин;
-Көп жылдык бак дарактарга 1200 сомдон 3000 сомго чейин ;
2. Токтомду аткаруу жагы КЭБнө , айыл башчыларга жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу коммиссияга тапшырылсын.
Төрага | Б. Токтосунов |