Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 1
КРнын коомчулукту өнүктүруү жана инвестициялоо агентствосунун “АИД-3” долбоорунун алкагында Ленин айыл аймагындагы Ленин , Орто-сай жана Жыгач-Коргон айылдарында артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын негизинде артыкчылыктуу долбоорду аныктоо жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин айылды инвестициялоо (АИД-3) долбоору боюнча түзүлгөн комиссиянын 28.04.2015-жылдагы протоколунун негизинде артыкчылыктуу долбоор болуп Жыгач-Коргон айылындагы “Бала бакчанын имаратын куруу” долбоору бекитилсин жана долбоор Жалал-Абад областык конкурстук комиссиясына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышы комиссия мүчөлөрунө жана айыл өкмөт башчысы Чолпонбек Мурзакановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |