ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXI сесиясы
2015-жылдын 29-апрели № 2
Ленин айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерден алынуучу салык өлчөмү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXI сессиясы “Кыргыз Республикасынын салык кодексинин № 337-беренесине ылайык айыл чарбага арналган жерлерге салык өлчөмүн, жерлердин шартына жараша бекитүү максатында Ленин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлердин салык өлчөмүн жерлердин шартына жараша сугат жерлер-414 сом, кайракы-41сом30тыйын , көп жылдык бак- дарак-220сом болуп бекитилсин .
2. Чечимдин аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн КЭБна милдеттендирилсин .
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айылы өкмөтүнүн орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Токтосунов |