Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 4
Ленин айылындагы “Октябрь” мамлекеттик сорт сыноо участогуна эмгектин ардагери Кулсариев Төлөндүн атын ыйгаруу жөнүндөгү жашоочулардын жалпы чогулушунун протоколу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Тойчуев А. , Мураталиев Б. Орунов Н. жана Жумабаев Т. чыгып сүйлөштү. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыгач-Коргон айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун токтому бекитилсин жана мындан кийин “Октябрь сорт сыноо участогу” аты өчүрүлүп “Төлөн Кулсариев атындагы сорт сыноо участогу” деп аталсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Сузак районунун депутаттарынын кошмо жыйынынан суралсын .
3. Токтомду аткаруу жагы Ленин айылынын айыл башчысы Кеңешбаев Манаска тапшырылсын .
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө соц. маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |