Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 1
Ленин айыл өкмөтүнүн 2015-2019 жылдардагы социалдык –экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиясынын жана инвестициялык планы
2015-2019 жылга чейинки мезгилде Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиясынын жана инвестициялык планын угуп, талкуулап депутаттардын Ленин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-ж. январынан тартып 2019-ж. декабрына чейинки мезгилде Ленин айыл аймагынын “Жергиликтүү аймактын социалдык–экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиясынын жана инвестициялык планына” жаңы киргизилген толуктоо маалыматтар кабыл алынып, бекитилсин.
2. Артыкчылыктуу деп табылган “Ю.А.Гагарин атындагы орто мектептин эски эшик терезелерин жаңылап алмаштыру долбооруна” жергиликтүү бюджеттен гранттык акчага карата 3,75% салым кошууга макулдук берилсин.
3. Токтомдуу аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч. Мурзакановко жана каржы-экономикалык , айыл чарба жана социалдык саясат боюнча туруктуу коммиссияларына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч. Мурзакановко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Токтосунов |