Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-декабры № 1
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”
Мунципалдык кызмат корсотуу боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтуулугун арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды корсотуунун сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын кмѳтγнγн кызмат корсотуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле айылдык кенештин VI- сессиясында 21-май 2013-жылы кабыл алынган Ленин айылдык кеңешинин жергиликтуу коомчулугунун Уставын жетекчилкке алуу менен Ленин айылдык кеңешинин кезексиз ХХIV – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мунципалдык кызматтардын кошумча тизмесин тузуунун тартиби жоундогу» жобонун долбоору № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 4 баракта тиркелет.
2. Мунципалдык кызматтардын кошумча тизмеси № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 1 баракта тиркелет.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде айыл окмоттун Интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтом аны расмий жарыялангандан кийин кучуно кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык Кенештин торагасынын орун басары Э.Абыкадыровко милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |
Тиркеме № 1
Ленин айылдык Кеңешинин
XXIV кезексиз сессиясына №1 тиркеме
«МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН КОШУМЧА ТИЗМЕСИН ТҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ» ЖОБО
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жөнүндө бул жобо «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн «Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекиген Муниципалдык кызматтардын ррестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана ал Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү тартибин жана шарттарын аныктайт, жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын кызыкчылыктарын эсепке алууну камсыз кылат.
1-бөлүм. ЖӨБ органдарынын Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүдөгү компетенциялары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү кеңешинин (айылдык кеңештин) компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитет;
2) Муниципалдык кызматтардынстандарттарын, муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламентти бекитет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Арыздарды, сурамдарды (суроо-талаптарды), протоколдорду жана башка документтерди кабыл алуу, аларды жалпылоо аркылуу кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды түзөт;
2) Кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошууну демилгелейт;
3) Ушул Жобо менен каралган тартипке ылайык, муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында бир нече административдик-аймактык бирдикте көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды өз аймагына киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
4) Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды кароо комиссиясын түзүү тууралуу чечим кабыл алат;
5) Комиссиянын ишмердигин уюштурууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтөт;
6) Жергиликтүү коомчулуктун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн иш-чараларды (фокус-топторду) өткөрөт;
7) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна жөнөтөт же комиссиянын корутунду бүтүмүнүн негизинде кошумча кызматтын демилгечилерине (арыз берүүчүлөргө) негизделген баш тартууну берет;
8) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү боюнча ушул Жобо жана Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо менен каралган документтердин пакетин даярдайт;
9) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине акылуу кызматтарды кошкондо, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашат;
2-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү үчүн муктаждыктардын сурамын демилгелөө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл өкмөт) төмөнкү демилгелердин негизинде кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды калыптандырат:
• чогулуштардагы (курултайлардагы) жарандардын кайрылуулары (арыздары, протоколдор);
• муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин кайрылуулары (арыздары);
• калктын аяр катматларынын кызыкчылыгында иш жүргүзгөн уюмдардын кайрылуулары (арыздары);
• жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кайрылуулары (арыздары, отурумдардын протоколдору);
• Айыл өкмөт башчысынын жана кызматкерлеринин, айыл башчыларынын сунуштарынын негизинде ЖӨБ органынын өзүнүн демилгелери.
3-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин кароо жана калыптандыруу
Фокус-топту өткөрүү
Муниципалдык муктаждыктарды (керектөөлөрдү) аныктоо жана түрдүү социалдык топтордун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу жана катышуусун камсыз кылуу максатындакызматтардын жергиликтүү реестрин түзүү процессинде ЖӨБ органдары (айыл өкмөттөр) фокус-топторду өткөрүшөт.
Фокус-топторөкүлдөрдүн/кызматтарды керектөөчүлөрдүн, калктын социалдык жактан аяр катмарларынын (аялдар, жаштар,ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, карылар ж.б.) көпчүлүгүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Фокус-топторбул баскычта жарандардын сурамдарын (суроо-талаптарын) көрсөтүүнүн бир формасы болуп саналат, алардын жыйынтыктары боюнча кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү үчүн кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлөт.
Кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлгөндөн кийин ЖӨБ органы (айыл өкмөт) аны айыл өкмөт түзгөн Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү боюнча комиссиянын (мындан ары текст боюнча – Жумушчу комиссия) кароосуна берет.
Кызматтардын критерийлерине туура келүүсүнө карата экспертиза өткөрүү
Жумушчу комиссиякөз карандысыз эксперттердин/адистердин катышуусунда кызматтардын алгачкы тизмесинин төмөнкүлөргө туура келүүсүнө карата экспертиза өткөрөт:
1. КР мыйзамдарында аныкталган «муниципалдык кызматтар» түшүнүгүнүн критерийлерине.
2. КР мыйзамдарында каралган «Муниципалдык кызматтардын» акылуулук/акысыздык критерийлерине.
3. Калктын социалдык аяр катмарларын эсепке алуу критерийлерине туура келүүсү.
Бул критерийди сактоонун шарты болуп төмөндө көрсөтүлгөн тастыктоочу документтердин биринин болушу эсептелет, тактап айтсак:
1) Калктын социалдык аяр катмарларынын арасында өткөрүлгөн фокус-топтордун жыйынтыктары (фокус-топтун протоколу).
2) Муниципалдык кызматты калктын социалдык аяр катмарларынан алуу зарылдыгы тууралуу сурамдын болушу (бул сурамдар түшкөн курултайлардын, жарандардын чогулуштарынынпротоколдору).
3) Муниципалдык кызматтарды алуу зарылчылыгы жөнүндө калктын социалдык аяр катмарларынын/алардын өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү кайрылууларынын болушу.
Кызматтардын алгачкы тизмесине жасалган экспертизанын негизинде Жумушчу комиссияМуниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун(1-тиркеме.)түзөт жана аны Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн айылөкмөткө сунуштайт. Комиссиянын сунушу сунуш берүү мүнөзүндө болот жана бул сунуштарга Жумушчу комиссиянын отурумунун протоколу толтурулат.
Айыл өкмөт тарабынан кошумча тизменин долбоорун даярдоо
Айыл өкмөтЖумушчу комиссиянын сунуштарын карап, анын жыйынтыгы боюнча калктын муктаждыктарын жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, бул муниципалдык кызматты Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошуу тууралуу чечим кабыл алат же себебин көрсөтүү менен бул кызматты кошумча тизмеге кошуудан баш тартат.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына, сайтка (эгерде бар болсо), ЖӨБ органынын маалымат такталарына жана коомдук жайларга (социалдык мекемелер, дүкөндөр, базарлар ж.б.) жайгаштыруу аркылуу калкка маалымдалат.
Акы алынган учурда макулдашуу
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошулган муниципалдык кызмат үчүн акы алынса, айыл өкмөт бул акылуу кызматты Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), Ведомстволор аралык комиссия (ВАК)жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү(аталган органдардан алынган корутунду бүтүмдөр да документтердин негизги пакетине тиркелип, жергиликтүү кеңешке берилет).
4-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн стандартын жана административдик регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат жана анын чечими менен бекитилет.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна төмөнкү документтерди тиркөө менен айыл өкмөт жөнөтөт:
- арыз же жарандардын чогулушунун (жыйындардын) протоколу;
- муниципалдык кызматтарды алууга кызыкдар керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо менен, бул кошумча муниципалдык кызматтын зарылдыгы тууралуу маалымкат-негиздеме;
- муниципалдык кызматты акысыз негизде көрсөтүү үчүн керектүү жалпы бюджеттик чыгымдар;
- монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, муниципалдык кызматтын баасынын эсеби берилүү менен, муниципалдык кызматты керектөөчүлөргө акы алуу менен көрсөтүүнү негиздөө;
- жергиликтүү кеңештин чечиминин долбоору.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун кароо жана бекитүү баскычында ЖӨБ органдары (айылдык кеңеш, айыл өкмөт) Кошумча тизмеге бул топторго тиешеси бар кызматтарды кошууда калктын ошол ар түрдүү социалдык топторунун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын, милдеттүү түрдө катышуусу үчүн чараларды көрөт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү мыйзамдарда каралган бардык эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен, бул кошумча тизме түзүлүп жаткандагы тартипте ишке ашат.
Муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорун КР Өкмөтү бекиткен Типтүү стандарттын жана административдик регламенттин негизинде айыл өкмөт иштеп чыгат. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жергиликтүү кеңеш бекиткенден кийин30 күндөн кечиктирбестен, айыл өкмөт Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу жана регламенттөө боюнча ишти уюштурат жана жетектейт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорлорунЖӨБдүн аткаруучу органы (айыл өкмөт) тиешелүү жергиликтү кеңештин бекитүүсүнө жөнөтөт, ал аларды мыйзамдарда аныкталган тартипте карайт жана бекитет.
5-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жана бекитүү маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү
Эгерде кызматтарга карата сурамдарын берүүдө жана кароодо бул кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине себебин жана баш тартуунун негизин көрсөтпөстөн кошпогондуктан, жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептешсе, алар айыл өкмөттүн, кызмат адамынын, муниципалдык кызматкердин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата арыз менен тиешелүү айылдык кеңешке түз кайрылууга укуктуу.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүдө укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептеген жарандын жана/же юридикалык жактын жазуу түрүндөгү арызын (сурамдарды кабыл алуудан баш тартуу, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча негизделбеген баш тартуу ж.б.) алгандан кийин айылдык кеңешбардык кызыкдар тараптардын өз ара макулдашуусу аркылуу талаш-тартышты чечүүгө карата чараларды көрөт.
Талаштуу маселелерди айылдыккеңеш сөзсүз түрдө талашып жаткан тараптарды, алардын өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды катыштыруу менен карайт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин кабыл алуу/бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин чечими менен макул болбогон учурда, жарандар жана/же юридикалык жактар мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү сотко кайрылууга укуктуу.
Ленин айылдык кенешинин жооптуу катчысы : | К. Курманалиев |
Тиркеме № 2
Ленин айылдык Кенешинин ХХIV кезексиз сессиясына № 2 тиркеме.
Мунципалдык кызматтардын кошумча тизмеси:
№ | Кызматар-дын аталышы | Кызматтарды стандартташтырууга жооптуу органдардын аты | Мунципалдык кызматты ишке ашруучунун аты | Кызматты корсотуу шарттары(акылуулук же акысыздык) |
1 | Уй-булоо туралуу тактама беруу | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
2 | Жашаган жеринен тактама | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
3 | Жер улушу бар туралуу тактама беруу | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
4 | Салыктардан жана ижара толомдордон карызы жок тууралуу тактама беруу |
|
|
|
5 | Чарбасында малы бар тууралуу тактама беруу | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
6 | Бала бакчага жана социалдык мекемелерге жай мезгинде суу ташуу | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
7 | Короо –жай (там арка) жерлердин жана жер улуштордун коншулар ортосунда чек араларын аныктоо | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
8 | Жаш мугалимдердин турак-жай салуу учун жерлерди кезексиз жана кошумча акча каражатын берууну уюштуруу менен шыктандыруу | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
9 | Бардык социалдык мекемелерге суу куюу учун «кудуктарды казуу» | Айыл окмот | Айыл окмот | акысыз |
Ленин айылдык кенешинин жооптуу катчысы : | К. Курманалиев |