Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-октябры № 24/2
Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγнγн негизги кѳрсѳткγчтѳрγнγн 9 ай ичинде аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жѳнγндѳ
Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн социалдык-экономикалык ѳнγгγγ программасынын кѳрсѳткγчтѳрγнγн 9 ай ичинде жѳнγндѳгγ айыл Ѳкмѳтγнγн башчысы Алимбеков Т.А. нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл Ѳкмѳтγнγн социалдык-экономикалык ѳнγгγγсунун кѳрсѳткγчтѳрγ боюнча 9 айлык аткарган иштери канааттандыраарлык деп талбылсын.
2. Бешкент айыл Ѳкмѳтγнγн экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγнун негизги кѳпчγлγк кѳрсѳткγчтѳрγнун 2014-жылдын 9 айында салыштырмалуу ашыра аткарылгандыгы кѳңγлгѳ алынсын.
3. План боюнча жалпы салыктар негизинен аткарылуу алдында турганы менен анын ичинен кээ бир салыктардын планы аткарылбагандыктан айыл Ѳкмѳтγнγн салык инспектору Мусаев К га 2014-жылда салыктын тγрлѳрγ боюнча аткарылуусун камсыз кылуу милдеттендирилсин.
4. Бешкент айыл Ѳкмѳтγнγн социалдык-экономикалык ѳнγгγγ программасын аткаруу γчγн талапты кучотуу орун алган кемчиликтерди тез арада жоюу, ички жана тышкы резервдерден толук пайдалануу бардык чарба жγргγзγγчγ субъекттерге тапшырылсын.
5. Бешкент айыл Ѳкмѳтγнγн 2014-жылга социалдык-экономикалык ѳнγгγγ программасынын кѳрсѳткγчтѳрγнун аткарылышы жѳнγндѳгγ маалыматтарды райондук статистика комитетине квартал сайын отчеттук айдын акыркы кγнγнѳ чейин билдирип туруу тапшырылсын.
6. Ушул чечимдин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин экономика, бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жγктѳлсγн
Төрага | О. Баховатдинов |