Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV - сессиясы
2014-жылдын 11-октябры № 24/4
Лайлы айылына балдар бакчасынын имаратын куруу γчγн проекттик-сметалык документацияларды даярдоого жана проектти мамлекеттик экспертизанын корутундусун чыгарууга каражатты Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Т.А. Алимбековдун сунушунун негизинде Лайлы айылына 35 орундуу балдар бакчасынын имаратын куруу γчγн проекттик-сметалык документацияларды даярдоого жана проектти мамлекеттик экспертизанын корутундусун чыгарууга каражатты Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен бѳлγп берγγ жѳнγндѳгу билдирγγсγн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл ѳкмѳтγ «АРИС» программасынын «АИД» 2 долбоорунун негизинде Лайлы айылына 35 орундуу балдар бакчасынын имаратын куруу γчγн ОсОО «МУСАЙ» проекттик институтуна проекттик-сметалык документацияларды даярдоого 160 000 (бир жγз алтымыш миң) сом жана проектти мамлекеттик экспертизанын корутундусун чыгарууга 9 000 (тогуз миң) сом, бардыгы бѳлγп 169 000 сом каражатты Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен болуп берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууну кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бешкент айылдык кеңешинин айыл чарба, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | О. Баховатдинов |