Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 28/2
Бешкент айыл ѳкмѳтγндѳ эпизоотиялык фонд тγзγγ жѳнγндѳ
Бешкент айыл аймагында эпизоотиялык кырдаал ѳзгѳрγлгѳндѳ жаныбарлардын коркунучтуу ыландары (кутурма, Сибирь жарасы, шарп, оспа, кара сан) ыландарынын таркап кетγγсγнѳн сактоо, алдын алуу жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштурууда эпизоотиялык фонд тγзγγ максатында Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагында эпизоотиялык фонд тγзγлсγн.
2. Эпизоотиялык фонддун кѳлѳмγ 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты менен белгиленсин. Эпизоотиялык фонддун бул суммасы 2016-жылга чейин ѳзгѳрбѳйт.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ экономика план,бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | О. Баховатдинов |