Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 28/4
Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн социалдык маселелер боюнча бѳлγмдγн жγргγзгѳн иши жѳнγндѳ
Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Мехманов Д. нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн социалдык блогунун жана анын башкы адиси Мехмановдун жыл ичинде жγргγзгѳн иши канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Социалдык жактан корголбогон, моралдык жактан туруксуз γй-бγлѳѳлѳрдγ, социалдык жактан тейлѳѳ маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу боюнча жγргγзγлγп жаткан иштердин жакшы экендиги кѳңүлгѳ алынсын.
3. Yй-бγлѳѳлѳр менен балдарды, эмгекке жараксыз жалгыз бой жарандарга шарт тγзγγдѳ мамлекеттик жеңилдиктерди жана балдар пособиелерин документтерин алууда, майыптарга шарт тγзγγдѳ, соц. паспорт толтурууда көп кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
4. Кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгарып мындан ары чыныгы муктаж болгондорго даректик социалдык кызмат кѳрсѳтγγ иштери айыл ѳкмѳтγнγн соц. адиси Мехмановго жγктѳлсγн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берγγ жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | О. Баховатдинов |