Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 28/7
Эски-Оочу айылынын тургундары Досматов Мамашарип, Файзуллаев Сайдулла, Карабашев Тойчубай, Исманова Шайыргул, Гафуров Мирзоакбар, Абдужапарова Лайлихондордун жашап турган турак үй жана тамаркаларын арендага коюуга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Бешкент айыл Окмотунун башчысы Алимбеков Таалайбек Авазовичтин сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эски-Оочу айылынын тургундары Досматов Мамашарип, Файзуллаев Сайдулла, Карабашев Тойчубай, Исманова Шайыргул, Гафуров Мирзоакбар, Абдужапарова Лайлихон аттуу жарандар 2011-жылы 22-июнда № 52 токтомдун негизинде Арка участкасынан жер берилгенине карабастан азыркы убакта ээлеп турган γй-жай тамаркаларын бузуп, Арка участкасына барып салышып жашабагандыктан алардын үй-жайы жана тамаркалары ижарага коюлсун. Ижара акысы ар бир сотых γчγн 50 сомдон белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин экономика, план, бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | О. Баховатдинов |