Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 29
«Аристин» «АИД-3» долбоорунун алкагында айылдардагы демилгелγγ топтор тарабынан сунушталган кѳйгѳйлѳрдγ кезекке коюу боюнча тγзγлгѳн Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн конкурстук комиссиясынын 28.04.2015-жылдагы токтомун бекитγγ жѳнγндѳ
«Аристин» «АИД-3» долбоорунун алкагында айылдардагы демилгелγγ топтор тарабынан тузулгон айылдардын профайлындагы койгойлорду кезеке коюп, долбоордук комиссияга сунуш кылуу γчγн тγзγлгѳн Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн конкурстук комиссиясынын отурумунун протоколун таанышып жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Аристин» «АИД-3» долбоорунун алкагында айылдардагы демилгелүү топтор тарабынан сунушталган кѳйгѳйлѳрдγ кезекке коюу боюнча түзүлгөн Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн конкурстук комиссиясынын 28.04.2015-жылдагы токтому бекитилсин.
2. «Аристин» «АИД-3» долбоору боюнча Баткен областы боюнча өтүүчү конкурска катышуу максатында төмөнкү кѳпчγлγк айылдардын элдери тарабынан кызыктар болгон тѳмѳнкγ кѳйгѳйлѳр кезеги менен сунуш кылынсын.
1. Дашрабад участкасынан тамарка-участкасы γчγн бөлүнгөн 30,0 га жерди сугаруу γчγн скважина аркылуу суу чыгаруу.
2. Койка санын кѳбѳйтγγ γчγн Бешкент ооруканасына кошумча имарат куруу.
3. Андархам айылына кѳпγрѳ куруу.
4. А. Момунов атындагы орто мектепке чогулуш залын куруу.
5. Бешкент айыл аймагынын 5 айылына таза суу тγтγктѳрγн куруу.
Төрага | О. Баховатдинов |