Загрузка документа…
Бешкент АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-майы № 31/3
Бешкент айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Лайлы айылындагы жаңы курулган балдар бакчасынын тегерегин кѳрктѳндγрγγгѳ акча бѳлγγ жѳнγндѳ
Бешкент айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Лайлы айылындагы 35 орундуу балдар бакчасынын тегерегин кѳрктѳндγрγγ γчγн Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары Алимбеков К. нын сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл ѳкмѳтунѳ караштуу Лайлы айылындагы АРИС тин. жардамы менен курулган 35 орундуу балдар бакчасынын тегерегин кѳрктѳндγрγγ γчγн Бешкент айыл ѳкмѳтγнγн кошумча бюджетинен 400ООО (тѳрт жγз миң ) сом акча каражаты бѳлγнсγн.
2. Бул токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин экономика, план, бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссия сына тапшырылсын
Төрага | О. Баховатдинов |