Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы № 1
Чаек айыл өкмөтүндөгү 2011-жылдын январына карата бюджеттеги киреше бөлүгүнүн 116185-59 ( Бир жүз он алты миң бир жүз сексен беш ) сом 59 тыйын калдык акчасы жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын январына карата бюджеттеги киреше бөлүгүнүн 116185-59 (Бир жүз он алты миң бир жүз сексен беш) сом 59 тыйын калдык акчасы жөнүндө,Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн калдык акчадан ЛАРК коомдук бирикмеси менен Чаек айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде, ЛАРК коомдук бирикмесинин счетуна 24000 (жыйырма төрт миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн калдык акчадан алдылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине сыйлык катары "Чаек айылынын ардактуу атуулу" наамынын төш белгилери жана күбөлүгүн жасатуу үчүн 7185-59 (жети миң бир жүз сексен беш) сом 59 тыйын, Чаек айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн "Ардак Грамотасын" сатып алуу үчүн 5000 (беш миң) сом, Чаек айылдык кеңешинин депутаттарына сыйлык акча каражатына 20000 (жыйырма миң) сом
Баардыгы : 32185-59 (отуз эки миң бир жүз сексен беш сом 59 тыйын) акча каражаты Чаек Айылдык Кеңешинин терагасы М.Оторбаевге бөлүнүп берилсин.
3. Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн калдык акчадан Чаек айыл өкмөтүнүн алдында түзгөн "М. Бегалиев" атындагы маданий борбордун, "Таттыбубу" атындагы балдардын Элдик ыр бий ансамблинин таланттарын форма менен камсыз кылуу үчүн 25000 (жыйырма беш) миң сом акча каражаты маданий борбордун жетекчиси З. Токомбаевге бөлүнүп берилсин.
4. Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн калдык акчадан
Чаек айыл өкмөтүнө компьютер,принтерин сатып алуу үчүн Чаек айыл өкмөтүнүн материалдык бухгалтери Ы. Эмуралиевага 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн калдык акчадан Чаек айылдык кеңешине-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына иштин кызыкчылыгы үчүн 2-стул, клавиатура, флежка жабдыктарын алуу үчүн Чаек айыл өкмөтүнүн катчысы А. Токтоналиевага 10000 (он миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6 .Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн калдык акчадан Чаек айыл өкмөтүнүн ветадисине иштин кызыкчылыгы учун велосипед алууга Чаек айыл өкмөтүнүн материалдык бухгалтери Ы.Өмуралиевага 5000 (беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Жалпы : 116185-56 (бир жуз он алты миң бир жуз сексен беш) сом 59 тыйын
7. Бул токтомду көзөмөлдук кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К. Ибраимовго, башкы эспчи Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.
8. Токтомду 03.03.2012-жылга чейин аткаруу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Г. Карымшаковага тапшырылсын.
Чаек айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Оторбаев |