Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/7-11
Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү айылынын Надиркен участкасындагы 17,30 га айыл чарба багытындагы жер аянтын жайыт категориясынан, өндүрүш категориясына которуу жөнүндө
Күн тартибиндеги «Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү айылынын Надиркен участкасындагы 17,30 га айыл чарба багытындагы жер аянтын жайыт категориясынан, өндүрүш категориясына которуу жөнүндөгү» маселе боюнча айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын макулдугунун негизинде, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү айылынын Надиркен участкасындагы 17,30 га айыл чарба багытындагы жер аянтын жайыт категориясынан, өндүрүш категориясына которулсун.
2. Жер аянты боюнча тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |