Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/8
Орозбеков айыл өкмөтүнүн Орозбеков айылын Кара-Кечүү участкасындагы С. Тешеев мектебинин эски имаратын балдар бакчасына которуу жөнүндө
Күн тартибиндеги «Орозбеков айыл өкмөтүнүн Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасындагы С.Тешеев мектебинин эски имаратын балдар бакчасына которуу жөнүндөгү» маселени карап, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасындагы С. Тешеев мектебинин эски корпусунун имаратын реконструкциялап, капиталдык ремонттон өткөрүп, балдар бакчасына ыңгайлаштырып которууга уруксат берилсин.
2. Балдар бакчасына тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |