Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 17/1
Кγлдγ айылынын Сары-Талаа участкасындагы «Надиркен» карьериндеги баалуу таштарды ташууну көзөмөлдөө жана мыйзамсыз ташууларды токтотуу максатында пост уюштуруу, кароолдун айлык акысы жөнγндө
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтγнγн башчысынын орун басары Р.Момуновдун билдирγγсγн угуп, маселени талкуулап, карап чыгып Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кγлдγ айылынын «Сары-Талаа «участкасындыгы «Надиркен» карьериндеги баалуу таштарды ташууну көзөмөлдөө жана мыйзамсыз ташууларды токтотуу максатында пост уюштурулсун.
2. Уюштурулган постко келишимдин негизинде 3000 (үч миң) сом айлыгы менен кароолдукка Ташполотов Илияз дайындалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселери боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |