Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 17/2
Күлдү айылынын Сары-Талаа участкасына мечит куруу үчүн 0,15 га жер аянтын жана Күлдү айылынын Гараж участкасындагы мүрзөнүн аянтын кеңейтүү үчүн 10,0 га жер аянтын ажыратуу жана кудук каздыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүнжер адиси А. Матисаевдин билдирүүсүн угуп, маселени талкуулап, карап чыгып Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулду айылынын Сары-Талаа участкасына мечит куруу үчүн 0,15 га жер аянты «Сары-Талаа» участкасынан жана Күлдү айылынын Гараж участкасындагы мүрзөнүн аянтын кеңейтүү үчүн 10,0 га жер аянты мүрзөнүн үстү жагынан ажыратылып берилсин
2. Ажыратылган жер аянттарынын иш кагаздарын даярдоо жагы жер адиси А. Матисаевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселер боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |