Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 17/4
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Алиевдин билдирүүсүн угуп, маселени талкуулап, карап чыгып Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күлдү орто мектебинин ашканасына каралган акча каражатын жаңы мектептин проектиси өткөндүгүнө байланыштуу мектептин айлана-чөйрөсүн оңдоо иштерине которулсун.
2. Ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы мектеп директору Г. Коджаевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик маселелер боюнча комиссияна милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |