Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 17/6
Орозбеков айыл өкмөтγнγн балансасында катталып турган 1996-жылгы ДЖИП-ГРАНД ЧЕРРОКИ кызматтык автоунааны Орозбеков жайыт комитетинин балансасына өткөрγп берγγ жөнγндө
Кγн тартибиндеги маселе боюнча Орозбеков жайыт комитетинин төрагасы Э. Темирбаевдин 20.05.2015-жылгы кайрылуусун угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орозбеков айыл өкмөтγнγн балансасында катталып турган 1996-жылгы ДЖИП-ГРАНД ЧЕРРОКИ кызматтык автоунааны Орозбеков жайыт комитетинин балансасына өткөрγлγп берилсин.
2. Айыл өкмөтγнγн алдында кызматтык автоунааны Орозбеков жайыт комитетинин балансасына өткөрγγ γчγн курамы 7 (жети) кишиден комиссия тγзγлсγн.
3. Айыл өкмөтнγн кызматтык авто унаасы алынганга дейре өкмөт башчынын жеке менчик (ГАЗ 31-10 мам.номери О 22-79 О)автоунаасын колдонууга уруксат берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |