Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 17/6-11
Орозбеков айыл өкмөтγнγн Орозбеков айылынын Кара–Кечγγ участкасынын тургундарынын арызы жөнγндө
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтγнγн жер,турак жай жана коммуналдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Матисаевдин билдирγγсγн карап, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орозбеков айыл өкмөтγнγн Орозбеков айылынын Кара-Кечγγ участкасынын тургундарынын арызына негиз,айыл тургундарына тартылган газ тγтγкчөгө ГРП орнотууга айылдык ооруукананын ичинен 16 м2 жер аянтын ажыратып берγγ жагы айыл өкмөтγнө жγктөлсγн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |