Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015 –жылдын 30-июлу № 18/1
Орозбеков айылдык кеңешинин 2015-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бюджетинин биринчи жарым жылдыгынын аткарылышы жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылкы бюджетине Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын бекитилген бюджетинин биринчи жарым жылдыгынын киреше бөлүгүнүн планына Кырыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан өзгөртүүлөр болгондуктан чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө статиядан азайтуулар №1 тиркемеге ылайык жылдырылып бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Алтынбек Алиевке бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Эргешов |