Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-сентябры № 19/1
Орозбеков айылдык кеңешинин 2015-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнүн 9 айынын аткарылышы жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүнэкономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бюджетине Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн 9 айынын планынын аткарылышынын негизинде киреше бөлүгүнүн планына Кырыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан өзгөртүүлөр болгондуктан, киреше бөлүгүнүн жыл башында бекитилген салыктар планынан ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу киреше жана чыгыша бөлүктөрүнөөзгөртүүлөрдү киргизүү №1,2 тиркемеге ылайык жылдырылып бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Алтынбек Алиевке бюджетке тийиштүүөзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Эргешов |