Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 20/3
Орозбеков айылдык кеңешинин 2015-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнүн жылдык планына,бекитилген пландан ашыкча түшкөн киреше бөлүгүнөжылдык планга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүн экономика жана Каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бюджетине Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, киреше бөлүгүнүн жыл башында бекитилген салыктар планынан ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу кошумча жылдык планынын киреше жана чыгыша бөлүктөрүнөөзгөртүүлөрдү киргизүү № 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Алтынбек Алиевке бюджетке тийиштүүөзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Эргешов |