Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 21/3
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмесин толуктоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, Орозбеков айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин № 8119 Киров шайлоо участкасынан шайланган депутат Уразметов Эркин күтүүсүздөн ааламдан өтүп кеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктуна негиз,депутаттын мандатын колдонуу токтотулсун.
2. Орозбеков айылдык кеңешинин № 8119 Киров округунан шайланган депутаттардын тизмесине толуктоо киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңешттердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык, шайлоочулардын 134 добуштарын алган шайланган депутаттан кийинки талапкер Бакирова Тажиге берилсин.
3. Суралсын Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө аламын..
Төрага | М. Эргешов |