Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты № 3-16
Ак-суу айыл ѳкмѳтγнγн тегерек участкасынан таштак айдоо эмес жерден мачта куруу γчγн 10 кв.м жерди, Чоюнчу айылында таштак пайдаланууга жараксыз № 207 контурда 10 кв.м жана Ак-Суу айылынын Кен-кол участкасынан базалык станциянын контейнери γчγн 10 кв. м. жерди муниципалдык менчикке каттап кѳп жылдык мѳѳнѳткѳ ижарага берγγ жѳнγндѳ
Ак-суу айыл ѳкмѳтγнγн тегерек участкасынан таштак айдоо эмес жерден мачта куруу γчγн 10 кв.м жерди, Чоюнчу айылында таштак пайдаланууга жараксыз № 207 контурда 10 кв.м жана Ак-Суу айылынын Кен-кол учаскасынан базалык станциянын контейнери γчγн 10кв. м. жерди муниципалдык менчикке каттап кѳп жылдык мѳѳнѳткѳ ижарага берγγ жѳнγндѳ айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары А. Халмуратовтун билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т :
1. Ак-суу айыл ѳкмѳтγнγн тегерек участкасынан таштак айдоо эмес жерден мачта куруу γчγн 10 кв.м жерди, Чоюнчу айылында таштак пайдаланууга жараксыз № 207 контурда 10 кв.м жана Ак-Суу айылынын Кен-кол участкасынан базалык станциянын контейнери γчγн 10 кв. м. жерди муниципалдык менчикке каттап конкурс негизинде кѳп жылдык мѳѳнѳткѳ ижарага берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Тиешелγγ документтерди толуктап мыйзам чегинде конкурс ѳткѳрγп жогорудагы аталган жерлерди конкурс негизинде ижарага берγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Убайдуллаевке тапшырылсын.
3. Чечимдин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |