Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты № 3-2
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айыл Өкмөтү 2012-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2013 -жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Ак-Суу айыл ѳкмөтүнүн Финансы-Экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х. Кушбаковдун жана Айылдык кеңешинин бюджеттин жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл ѳкмөтүнүн 2012-жылга бюджети Кыргыз Републикасынын “Републикасынын 2012-жылга бюджети жана 2012- -жылга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Републикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы- экономикалык негиздери жөнүндөгү” Мыйзамдары ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт. Жогорудагылардын негизинде депутаттардын Ак-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2012-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен кошумча республикалык бюджеттен 27273,9 миң сом каржыланып, жалпы жыл ичинде 27273,9 миң сом кереше жана чыгашалары № 1,2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2012-2013-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүдө акча каражаттары жетишпегендиги бар экендиги белгиленсин .2013-жылга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыныгы маанилүү керектөөсү 29710,1 миң сом жетишсиздиги 2436,2 миң сом экендиги эске алынып жергиликтүү бюджеттин киреше чыгашалары менен 29710,1 миң сом суммасында бекитилсин алардын ѳлчѳмдѳрγ № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2013-жыл учун чыныгы керектөөсү 29710,1 миң сом жетишпегендиги 2436,2 миң сом экендигин эске алынып жергиликтүү бюджет киреше чыгашалары менен 2436,2 миң сом өлчөмүндө № 3,4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүү булактарында көрсөтүлгөн нормативдеринин негизинде 2012-2013-жылдар үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалар №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2012-2013-жылдарга республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу жана теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрү каралып максаттуу гранттар билим берүү чөйрөсүндөгү корголуучу статьяларга (эмгек акы жана соцфонд) жана теңдештирүүсү аныкталсын, алардын өлчөмдөрү № 8-тикемеге ылайык бекитилсин
6. Райондук казына бөлүмү аркылуу Ак-Суу айылдык кеңешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Ак-Суу айыл ѳкмөтүнүн эсебине топтоштуруп чыгымдалышына жетилишсин
7. Ак-Суу айыл ѳкмөтүнүн адмиңистрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын .
8. 2013-жылга Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышын жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Анын ичинен биринчи кезекте коргоочу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, Соц.Фонд чөгөрүү, дары дармек жана тамак аш сатып алууга).
9. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрациясы жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы айылдык клубтар , китепканалар коргонуу, Соц. Коргоо, билим берүү жактан жеңилдиктер коммуналдык турак жай чарбалары Ак-Суу айыл ѳкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
10. Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин 2012-жылга каржыланбай калган чыгымдары 2013-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
11. Ак-Суу айыл ѳкмөтүнөн бюджетине өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
12. Ак-Суу айыл ѳкмөтүнөн атайын эсеби 210,1 миң сом эсебинде бекитилсин.
13. Айыл ѳкмөтүнөн 2013-жылга каралган бюджетти 2013-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
14. Ак-Суу айыл ѳкмөтүнөн эркин калдыгы 375,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин. Калдык сумма айыл ѳкмѳтγнγн аппаратынын ар тγрдγγ чыгымдар статьясына жумшалсын.
15. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |