Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты № 3-3
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасына Компенсация төлөп берүү жөнүндө
Ак-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир сессияны өткөрүүгө жана даярдоого төрт жумушчу күнү менен толук иштегендигине байланыштуу, Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы А. Пирназаровко айыл ѳкмөт башчысынын бир айлык маянасынын ичинен төрт күндүк эмгек акы өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилсин.
2. Бул чечимдин аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы Х. Кушбаковко тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |