Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 4–апрели №3
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э. Акматжанованын Чаек айылдык кеңешине жазган билдирүүсүн жана Чаек айылынын шайлоочуларынын Чаек айылдык кеңешине жазган кайрылууларын карап чыгуу боюнча Чаек айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э. Акматжанованын Чаек айылдык Кеңешине жазган билдирүүсүн жана Чаек айылынын тургундарынын Чаек айылдык Кеңешине жазган кайрылууларын карап чыгуу боюнча, Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынан убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө, Чаек айылдык Кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардан төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1 .Чылпаков Темирбек - Чаек айылдык кеңешинин депутаты, убактылуу комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
2. Абдыкадыров Руслан
3. Муктарова Рыскул
4. Исмаилова Нургул
5. Шалбаев Каныбек
2. Аталган комиссиялар тиешелүү мекеме жана органдарга тыгыз байланышта иштешип, жыйынтыгын 18.04.2012-жылда боло турган кезексиз сессияга маалыматын берүү жагы комиссияларга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдук кылуу жагы Чаек айылдык кеңешинин төрагасы Т. Рысалиевге милдеттендирилсин.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Рысалиев |