Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты № 3-11
Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу айылында жайгашкан кеңсесинин кγн чыгыш тарабында жайгашкан 360 кв.м жерди муниципалдык менчикке каттап аукциондун негизинде жеке менчикке сатууга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу айылында жайгашкан кеңсесинин кγн чыгыш тарабында жайгашкан 360 кв.м жерди муниципалдык менчикке каттап аукциондун негизинде жеке менчикке сатууга макулдук берγγ жѳнγндѳ Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Убайдуллаевтин билдирγγсγн угуп тѳмѳнкγлѳрдγ белгилейт. Жогорудагы 360 кв.м жер Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн кеңсесинин кγн чыгыш тарабында жайгашкан кѳп жылдан бери эч ким пайдаланбайт. Таштак пайдаланууга жараксыз жер болуп саналат. Бул жерге аптека, ФИЗ кабинет, дγкѳн жана кичинекей ашкан куруп элге кызмат кылуусу зарыл деп эсептеймин. Жогорудагы билдирγγнγ угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу айылында жайгашкан кеңсесинин кγн чыгыш тарабында жайгашкан 360 кв.м жерди муниципалдык менчикке каттоого макулдук берилсин.
2. Жогорудагы 360 кв.м жерди муниципалдык менчикке катталгандан кийин мыйзам негизинде бардык документтер толук бγткѳндѳн кийин аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
3. Мыйзамда белгиленген тартипте тиешелγγ документтерди толуктоо жагы Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Убайдуллаевке тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |