Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июну № 4-1
КБФ нын жерлерин пайдаланышы жѳнγндѳ
КБФ нын жерлерин пайдаланышы жѳнγндѳ Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Паттаевтин жана айыл ѳкмѳтγнγн жер боюнча башкы адиси А. Бабаевтин билдирγγсγн угуп (билдирγγ тиркелет). Айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн КБФнын жерлеринин ижарага берγγ жана ижара акысын жыйноо боюнча берген билдирγγсγ кѳңγлгѳ алынсын жана кээ бир кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. КБФнын жерлерин пайдаланууну жана ижара акысын жыйноо боюнча кетирилген кемчиликтерди жоюу багытында иш алып баруу айыл ѳкмѳтγнγн башчысына жана адистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Паттаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |