Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июну № 4-6
Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Жаркыштак, Чоюнчу, Ак-Суу, Жизген жана Кара-Камар айылында жашап турак жай курууга муктаж болгон атуулдарга арыздарын канаттандыруу максатында бардыгы болуп 29,2 га жерди жеке менчик турак жай куруу γчγн ажыратууга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Ак-Суу айылдык кеңештин сессиясы Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Жаркыштак, Чоюнчу, Ак-Суу, Жизген жана Кара-Камар айылында жашап турак жай курууга муктаж болгон атуулдарга арыздарын канаттандыруу максатында бардыгы болуп 29,2 га жерди жеке менчик турак жай куруу γчγн ажыратууга макулдук берγγ жѳнγндѳ Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн жер боюнча башкы адиси А. Бабаевдин билдирγγсγн угуп тѳмѳнкγлѳрдγ белгилейт. Айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жашап жеке менчик γй куруу γчγн жер тилкесин бѳлγп берγγ жѳнγндѳ 121 адам кайрылган, бирок жер жок болгондугуна байланыштуу алардын арыздары канааттандырылган жок, ошондуктан айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы ар тγрдγγ жана жайыт жерлерден 29,2 га жерди тандап алып анын генралдык планын чийдирип бир категориядан экинчи категорияга ѳткѳрγγ γчγн сиздердин макулдугунуздарды алышыбыз керек ошондуктан жогорудагы 29,2 га жерди атуулдарга жер участкасы катары бериш γчγн макулдугунуздарды беришинизди суранамын. Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Жаркыштак, Чоюнчу, Ак-Суу, Жизген жана Кара-Камар айылында жашап турак жай курууга муктаж болгон атуулдардын арыздарын канаттандыруу максатында бардыгы болуп 29,2 га жерди жеке менчик турак жай куруу γчγн ажыратууга макулдук берилсин.
2. Айыл ѳкмѳтγнѳ жеке менчик γй куруу γчγн арыз берип кезекте турган атуулдарга ар бирине 0,12 гадан жер ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |