Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июну № 4-9
Кызыл-Бараз, Улуз учаскаларындагы суу, кум басып жараксыз абалга келген КБФнун жана γлγш жерлерин трансфармациялоого макулдук берγγ жана суу бѳлγштγргγчтѳрдγ оңдоо жѳнγндѳ
Ак-Суу айылдык кеңештин сессиясы Кызыл-Бараз, Улуз учаскаларындагы суу, кум басып жараксыз абалга келген КБФнун жана γлγш жерлерин трансфармациялоого макулдук берγγ жана суу бѳлγштγргγчтѳрдγ ондоо жѳнγндѳ айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Убайдуллаевдин билдирγγсγн угуп тѳмѳнкγлѳрдγ белгилейт. Ак-Суу айылынын Кызыл Бараз, Улуз участкаларындагы КБФ нын жана γлγш жерлерди сел басып кумга толтуруп жараксыз абалга келтирген, ошондой эле Ак-суу дарыясы жайында суу кѳбѳйгѳн мезгилдеринде жерди жууп кетип жараксыз абалга келтирген. Бул боюнча тийиштγγ адистердин катышуусунда акттар тγзγлгѳн Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бараз, Улуз учаскаларындагы суу, кум басып жараксыз абалга келген КБФнун жана γлγш жерлерин трансфармациялоого макулдук берилсин.
2. Жерлерди трансформациялоо γчγн тиешелγγ документтерди даярдап жерлерди баланстан чыгаруу жагы айыл ѳкмѳтγнγн жер боюнча башкы адиси А. Бабаевга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |