Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июну № 4-11
Кара-Камар айылындагы № 771-контурдан АЗС куруу γчγн 800 кв.м. жерди муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Ак-Суу айылдык кеңештин сессиясы Кара-Камар айылындагы № 771-контурдан АЗС куруу γчγн 800 кв.м. жерди муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга макулдук берγγ жѳнγндѳ айыл ѳкмѳтγнγн жер боюнча башкы адиси А. Бабаевдин билдирγγсγн угуп тѳмѳнкγлѳрдγ белгилейт. Жогорудагы жер эч ким пайдаланбаган таштак пайдаланууга жараксыз жер болуп саналат. Айыл ѳкмѳтγнγн финансылык абалын жакшыртуу γчγн салыкты кѳбѳйтγγбγз зарыл, ошондуктан жогорудагы жерди АЗС куруу γчγн муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга макулдук берγγнγ суранат. Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камар айылындагы № 771-контурдан АЗС куруу γчγн 800 кв.м. жерди муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке мыйзам негизинде сатууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жердин тиешелγγ документтерин даярдап муниципалдык менчикке каттоо жагы айыл ѳкмѳтγнγн жер боюнча башкы адиси А. Бабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |